Чолпон-Атадагы президенттик мектепке Акылбек Жапаровго байланышкан аталыш коюлду
RU

Чолпон-Атадагы президенттик мектепке Акылбек Жапаровго байланышкан аталыш коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына президенттик мектеп курулууда. Таланттуу балдар үчүн мектепти "Акылман" деп аташты. Бул туурасында билим берүү тармагындагы реформа боюнча форумда белгилүү болду.

Анда министр Каныбек Иманалиев мектеп тууралуу маалымат берип, балдар сынактын негизинде кабыл алынарын айтты. Сынак эки этаптан туруп, биринчисин мектеп өзү өткөрөт. Экинчисинде райондук, шаардык деңгээлде мектептер көрсөткөң талапкерлерди тандоо болот.

Министр ошондой эле жаңы мектептин атын кантип тандаганын айтып берди. Анын айтымында, Садыр Жапаров аталыш мааниси терең кыргыздын нукура сөзү болушун каалаган. Аны да кандайдыр бир жол менен Акылбек Жапаровдун ысымы менен байланыштыруу чечими кабыл алынды. Жыйынтыгында мектепти "Акылман" деп чечишкен.

Каныбек Иманалиев бул каржы маселесин чечүүгө жардам берет деген үмүтүн тамаша иретинде билдирди. Залда отурган Акылбек Жапаров жана форумдун башка катышуучулары күлкүсүн жашырышкан жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11400