Интернетке Камчыбек Ташиевдин үнүнө окшош үн менен уулун колдоп жаткан аудио тарады
RU

Интернетке Камчыбек Ташиевдин үнүнө окшош үн менен уулун колдоп жаткан аудио тарады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы эки күндөн бери социалдык тармактарда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешелүү деп болжолдонгон аудио жазуу тарады. Аудио WhatsApp аркылуу уулдарынын бирине жөнөтүлгөн болушу мүмкүн.

Азырынча аудио аныктала элек, ошондуктан бул үн УКМКнын жетекчисине таандык деп так айтуу мүмкүн эмес. Бирок сүйлөгөнү, манерасы Камчыбек Ташиевдин башка баяндамаларына абдан окшош.

Бул аудиодон уулунун мамлекеттин ишине кийлигишпегени үчүн кандай мактоолор айтыларын угууга болот. Соцтармактын колдонуучулары УКМКнын башчысы ​​бул сөздөрдү Тай-Мурас Ташиевге айткан дешүүдө.

"Ооба, уулум. Сен туура кылып жатасың, оолак болуш керек. Мамлекеттик ишке кийлигишпеш керек. Акыры эл түшүнөт да айтат: "Азамат экен, атасынын ишине да, башка иштерге да кийлигишпейт, өзү менен өзү жүрөт" деп жакшы көрөт. Эгер кийлигишип, бирөөгө жардам бере койсоң "мына, кийлигишти" деп жаман көрөт", - дегенин угууга болот.

Бул аудио жазууну ким чыгарганы белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11456