Эми Бишкектеги маршруткалардын кайда келе жатканын смартфондон көрүүгө болот
RU

Эми Бишкектеги маршруткалардын кайда келе жатканын смартфондон көрүүгө болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эми смартфон аркылуу Бишкектеги маршруткалардын кайсы жерде экенин көрүүгө болот. Мындай кызмат мэриянын "Менин шаарым" тиркемесине кошулганын маалымдалды.

Эске салсак, буга чейин автобус менен троллейбустардын кайсы жерде бара жатканын билип турууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Эми кичи автобустардын кыймылы боюнча https://e-meria.kg/transport-map шилтемеси аркылуу кирип билсе да болот.

"Менин шаарым" тиркемесинин шилтемелери:

iOS колдонгондорго;

Android колдонгондорго.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11484