Кыргызстандык балбан Роман Ким Азия чемпионатында коло байге алды
RU

Кыргызстандык балбан Роман Ким Азия чемпионатында коло байге алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбаны Роман Ким Азия чемпионатында коло байгеге ээ болду. Ал оор салмактагылар (130 килограмм) арасында үч беттеш өткөрдү.

Биринчисинде 8:0 эсебинде япониялык каршылашын жеңип алса, экинчисинде ирандык спортчуга жеңилип калды.

Коло медаль үчүн кармашта Роман Ким өзбекстандык Темурбек Насимовго 10:1 эсеби менен утуп алган.

Мунун менен Кыргызстандын капчыгында бир алтын, бир коло байге бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11490