Жапаров менен Путин бири-бирине кыргыз-орус мамилелерин бекемдөө ниеттерин билдиришти
RU

Жапаров менен Путин бири-бирине кыргыз-орус мамилелерин бекемдөө ниеттерин билдиришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет лидерлери кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыктын актуалдуу маселелерин, эл аралык аймактык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Мындан тышкары Садыр Жапаров менен Владимир Путин алдыдагы эки жана көп тараптуу форматтардагы иш-чаралардын графиги боюнча пикир алмашты. Тараптар эки элдин жана мамлекеттердин бакубаттуулугу үчүн кыргыз-орус мамилелерин мындан ары да бекемдөө ниетин ырасташты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11494