Путин КМШ лидерлерине шакек белек кылды
RU

Путин КМШ лидерлерине шакек белек кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Владимир Путин Санкт-Петербургда өтүп жаткан КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышкан президенттерге шакек белекке берди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышат.

Владимир Путиндин демилгеси менен 26-27-декабрда өтүп жаткан КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусуна Азербайжандын, Беларусь өлкөсүнүн, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын президенттери жана Армениянын премьер-министри катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө журналисттер Александр Лукашенконун манжасындагы шакекти байкашкан. Кийинчерээк бейформал жолугушуу үчүн жаңы жылдык куттуктоо менен 9 шакек даярдалганы белгилүү болду. Айрым басылмалар жазгандай, Лукашенкодон башка лидерлер шакекти тагынышкан эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9730