Согуштун ардагеринин сөөгүн жубайынын жанына коюуга уруксат берилген жок
RU

Согуштун ардагеринин сөөгүн жубайынын жанына коюуга уруксат берилген жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анатолий Августовскийдин сөөгү Түштүк-Батыштагы көрүстөнгө эмес, Селекция көрүстөнүнө коюлду. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Айканыш Ашырова Kaktus.media сайтына билдиргендей, акыркы сапарга узатуу зыйнаты 7-апрелде болгон.

Ардагер быйыл 101 жашка чыкмак.

Эске салсак, буга чейин Kaktus.media сайты ардагердин акыркы тилеги тууралуу жазган. Тагыраагы, ал каза болгондо сөөгүн Түштүк-Батыш көрүстөнүндөгү жубайынын жанына коюусун, ал үчүн 20 жыл мурун жер сатып алганын керээз кылган. Бирок ал каза болгондон кийин алгач Казакстан менен чек арага жакын жердеги көрүстөнгө бөлүштүргөн, андан кийин Селекция көрүстөнүнөн орун табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11498