Кезек сүткө келди. Россельхознадзор Кыргызстандагы сүт заводдорун текшерет
RU

Кезек сүткө келди. Россельхознадзор Кыргызстандагы сүт заводдорун текшерет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

10-апрелден 16-апрелге чейинки аралыкта Россельхознадзордун адистери Россияга сүт азыктарын жеткирген кыргызстандык сүттү кайра иштетүүчү 5 ишкананы текшерет. Бул тууралуу Россиянын департаментинин расмий сайтында айтылат.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө ЕАЭБдин ветеринардык мыйзамдарында бекитилген сүт азыктарына сапаты жана коопсуздугу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн лабораторияларга, ошондой эле чийки зат базаларына (жыйноо пункттарына) баруу пландаштырылууда.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ветеринардык кызматы тарабынан экспортко жөнөтүлгөн сүт азыктарын өндүрүүчүлөргө, анын ичинде россиялык реципиенттерге карата жүргүзгөн көзөмөлдүн натыйжалуулугу боюнча тыянак чыгарылат", - деп айтылат Россельхознадзордун билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Россельхознадзор Кыргызстандагы тамак-аш өнөр жайынын сапатын көзөмөлдөөгө биринчи жолу катышып жаткан жок. Ушул жылдын март айында россиялык агенттик Кыргыз Республикасынан экспорттолгон форель менен форель икраларында тыюу салынган жана зыяндуу заттар нормадан ашып кеткендигин, бул анын келип чыгышына шектенүүлөрдү жаратканын билдирген. Буга байланыштуу 13-марттан 17-мартка чейин Кыргызстандагы тогуз балык чарбаны текшерүү демилгеси көтөрүлгөн. Бирок Кыргызстандын алты балык өндүрүүчүсү – Россияга негизги балык экспорттоочулар өздөрүнүн балык чарбаларын текшертүүдөн баш тартышкан.

Ал эми 7-апрелде Россельхознадзор халал колбасадан чочконун эти табылганын жарыялаган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Россельхознадзор.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11508