Адал деп өндүрүлгөн азык талапка жооп бербесе ким күнөө тартат? Муфтияттын жообу
RU

Адал деп өндүрүлгөн азык талапка жооп бербесе ким күнөө тартат? Муфтияттын жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандан Россияга экспорттолуп жаткан халал колбасадан Россельхознадзор чочконун ДНКсын тапканын кабарлган. Буга байланыштуу окурмандар: "Биз жеген азыктардан чочконун эти табылып, бирок адал деп жазылып турса ким күнөөлүү?" деген суроолорун узатышты.

Бул суроого Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Kaktus.media мындай деп билдирди.

"Эгерде кайсы бир компания өзүнүн продукциясын адал деп өткөрүп, бирок адал стандартына жооп бербесе, анда күнөө анын жетекчилигинде болот. Продукцияны жеген жарандар алданып жатканын билишпейт, андыктан эч качан күнөө алар күнөөлүү болушпайт", - дейт Бактияр ажы Токтогазы уулу.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11510