Адал колбасадан чочконун эти табылды дегенден кийин "Тойбосс" расмий билдирүү жасады
RU

Адал колбасадан чочконун эти табылды дегенден кийин "Тойбосс" расмий билдирүү жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандан Россияга экспорттолгон "Тойбосстун" адал колбасасынан чочконун ДНКсы тапканы кабарланган. Россельхознадзор кыргыз бийлигинин мал чарба азыктарын Россияга экспорттоодо ветеринардык көзөмөлгө болгон мамилесин жетишсиз деп эсептеген.

Мындай маалыматтан кийин "Тойбосс" ишканасы расмий билдирүү жасады.

"Акыркы күндөрү Кыргызстандын адал колбасаларынын ичинен чочконун ДНКсы табылганы тууралуу маалымат түшүүдө.

Кардарларыбыздын тынчсыздануусун түшүнөбү.

Биз эч качан адал эмес этти колбасага колдонгон эмеспиз, мал союуда шарият мыйзамдары так сакталат деп ишендиребиз.

Биздин компания 5 жылдан бери башка мамлекеттерге колбаса азыктарын экспорттоп келет. Бүтүндөй өндүрүш линиясы жана даяр продукция адал стандарттарынын шайкештигине текшерилет. Халал колбасалардын ичинен дал биздин бренд БАЭ жана Катарда жана Түркияда өткөн көргөзмөлөргө катышкан".

"Тойбосс" ар бир кардар менен ачык иш алып барууга дайым даяр дешет компаниядан.

"Биз ар дайым экскурсияларды өткөрүп, өндүрүштүн видеолорун жарыялап келгенбиз, кардарлардан жашыра турган эч нерсебиз жок. Биз дайыма сиздер менен чынчыл мамиледе болгонбуз жана дагы да ачык иш жүргүзүүнү уланта беребиз.

Биз сиздин ишенимиңизди жогору баалайбыз жана кандай кырдаал болбосун, Исламдын жана адеп-ахлактын негиздеринен чыкпайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле компаниядан адал деген 3 сертификатка ээ экенин кошумчалады.

  • Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы;
  • Кыргызстандын адал индустриясын өнүктүрүү борбору;
  • Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11476