Үйүнөн ажыраган актёр Кубандык Камалов: "Дагы деле боз үйдө жашап жатабыз"
RU

Үйүнөн ажыраган актёр Кубандык Камалов: "Дагы деле боз үйдө жашап жатабыз"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Соттун чечими менен үйүнөн чыгарылган актёр Кубандык Камалов дагы деле боз үйдө жашап жатышканын айтат.

Айтымында, ишти сотто кайра кароо башталган. Бирок экинчи тарап келбегендигине байланыштуу процесс жылып жатат.

"10-апрелде отурум болгон, үйдү тартып алган тарап келбей койду. Сот 3-майга жылдырылды. Боз үйдө жашап жатабыз", - дейт ал.

Эске салсак, Кубандык Камалов үй-бүлөсү менен 2005-жылдан бери жашап келген Рухий-Мурас конушундагы үйүнөн ажырап калган. 7-мартта соттун чечими менен аларды үйдөн чыгарып кетишкен. Буга карызга алган акча себеп болгон. Бир тарап карызды кайтарганын айтса, экинчи тарап кайтарбаганын, мындан улам үстөк пайызы көбөйүп, чоң сумманы бере албай калганда сот аркылуу үйдү алганын биллирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11511