Ээсин скотчтоп, таштап кетишкен. Уурдалган Range Rover экс-президенттин кудасынан табылды
RU

Ээсин скотчтоп, таштап кетишкен. Уурдалган Range Rover экс-президенттин кудасынан табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Ысык-Ата районунда талаада 12 сааттан ашык скотчтолгон абалда жаткан адам табылганы кабарланган. Ал эми анын унаасын Оштон, тагыраагы, прокуратуранын кызматкери Алмазбек Абжалиевден табылган. Бул туурасында Kaktus.media сайтына жабырлануучунун жакындары билдиришти.

Алардын айтымында, белгисиз адамдар бир тууганын уурдап, Бишкектин чет-жакасына алып барышкан. Кийин ал аман-эсен табылган. Маалым болгондой, аталган жаранды скотч менен байлап, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы талаага таштап, Range Rover үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкен.

Жабырлануучу арыз жазган. Укук коргоо органдары эки эркек жана бир аялды кармап, иш козгогонун Чүй ОИИББден кабарлашкан. Унаа Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн унаа токтотуучу жайынан табылган.

"Бишкекте уурдалган жол тандабастын эшигин белгисиз адам ачып жатканда милиция кызматкерлери кармашкан. Ал Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Алмазбек Абжалиев болуп чыкты. Ал уурдалган унааны кантип алганын түшүндүргөн жок", - дешти жабырлануучулар.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы унаанын Ош шаарында прокурордон табылганы боюнча маалыматы жок экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Алмазбек Абжалиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевдин иниси. Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кызы Бактыгүл Шариповага үйлөнгөн.

Kaktus.media Алмазбек Абжалиевдин пикирин угууга даяр, +996 700 62 07 60 телефону аркылуу байланышсаңыз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11519