Ошто үй алабыз деген 8 адам алданып калышкан. Милиция эки аялды кармады
RU

Ошто үй алабыз деген 8 адам алданып калышкан. Милиция эки аялды кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто алдамчылык менен алектенген деген эки аялга кылмыш иши козголду. Алар үй алып берүүнү убадалашып, алдын ала акча алышкан дейт Ош ШИИБден.

Маалым болгондой, Чоӊ-Алай районунун Карамык айылынын 8 тургуну милицияга арыз менен кайрылышкан. Алар 2022-жылдын февраль айында 1979-жылы туулган С.Ы. жана 1965-жылы туулган Б.К. аттуу аялдар алардын ишеничине кирип: "Биз "Төлөйкөн-Жаштык" коомунда иштейбиз, майыптарга жана жесир аялдарга Ош шаарында жана Кара-Суу районундагы арабдар тарабынан салынып жаткан үйлөрдөн алып беребиз" деп ар биринен 100 000 сомдон акча алганын, азыркы күнгө чейин убадасын аткарбай жүргөнүн айтышкан.

Жогорудагы жарандардын арыздары боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары 1979-жылы туулган С.Ы. (Кемин районунун тургуну) жана 1965-жылы туулган Б.К. (Бишкектин тургуну) суралышты.

Эгерде жогорудагы шектүү аялдар тарабынан жабыр тарткандар болсо Ош ШИИБдин тергөө кызматы кайрылса болот. Байланыш телефону: 03222-4-82-82.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык. Автор: pxhere.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11527