Азия чемпионаты: Айсулуу Тыныбекокова финалга чыкты
RU

Азия чемпионаты: Айсулуу Тыныбекокова финалга чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 12-апрелде Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпиоантында кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова япониялык балбан кыз Нонока Озакини утуп, финалга чыкты.

Жарым финалдык беттеште эки балбандын алган упайлары 2:2 болуп, баллдардын сапаттуулугу үчүн Тыныбекова жеңишке жетти.

Эске салсак, былтыр Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова жарым финалда дал ушул япониялык балбан кызга утулуп калган.

Тыныбекова Нонока Озакини менен 2022-жылы Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалында да туш келген. Анда да Тыныбекова утулуп, күмүш байгеге ээ болгон.

Финалда Айсулуу Тыныбекова монголиялык Орхон Пуревдорж менен кездешет.

Белгилей кетсек, Пуревдорж допинг үчүн 4 жылдык чектөөдөн кийин килемге кайтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11548