"Баткен" аэропорту убактылуу жабылды
RU

"Баткен" аэропорту убактылуу жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Баткен" аэропортун оңдоо-калыбына келтирүү иштери башталды. Буга байланыштуу аба майдан убактылуу жабылды.

"Манас" аэропортунан маалымдашкандай, ремонт иштери 1-апрелде башталган.

Аэропортто аэродромдун элементтерин оңдоо, учактарды токтотуучу жайларды жана перронду кеңейтүү иштерин жүргүзүүнүн II этабы жүрүп жатат. Оңдоо иштерин айдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн "Манас" аэропорту кечирим сурайт жана оңдоо иштерине түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11552