Уурдалган жол тандабас прокурордун короосунан табылган. Зулушев жагдай тууралуу айтты
RU

Уурдалган жол тандабас прокурордун короосунан табылган. Зулушев жагдай тууралуу айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Эмил Токтошев Бишкекте уурдалган жол тандабас Ош прокуратурасынын кызматкеринин үйүнүн алдындагы унаа токтотуучу жайдан табылганы тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушевден сурады.

Көзөмөл органдын жетекчиси Башкы прокуратуранын ички иликтөө кызматынын кызматкерлери ошол эле күнү Ошко учуп кетишкенин айтты.

"Учурда Ички иштер министрлиги бул иш боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат, жыйынтыкталгандан кийин экспертиза дайындалат. Биздин кызматтык иликтөө боюнча, прокурордун Түркиядагы жакын досу түнкү бир-экиде телефон чалып, бул унааны короосуна токтотуп турууну суранган экен. Чалуу тастыкталды. Ошол боюнча унааны короого токтотуп койгонун айтты. Буга тергөө чекит коёт", - деди Зулушев.

Эске салсак, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда эркек кишини скотч менен ороп, талаага таштап кетишкен. Анын унаасы Ошто прокурор Алмазбек Абжалиев жашаган үйдүн унаа токтотуучу жайынан табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11554