Садыр Жапаров "кустуризациядан" канча каражат түшкөнүн айтты
RU

Садыр Жапаров "кустуризациядан" канча каражат түшкөнүн айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "кустуризациядан" канча каражат түшкөнү боюнча "Кабар" агенттигине айтты. Мамлекетке кайтарылган каражаттар кайда жумшалганына да токтолду.

Айтымында, эки жарым жылдан бери кайтарылган акчанын бир тыйыны коробой түздөн-түз республикалык казынага түшүп жатат.

"Жалпысынан Башкы прокуратура, УКМК, ИИМдикин баарын бириктиргенде 10 миллиард сомдон ашык болсо керек эле. Кимде-ким кызыккан болсо, комиссия түзүп барып текшерип көрүшсүн: кимден канча акча төгүлгөн жана кайсы күнү казынага барып түшкөн, баары ачык. Жашыра турган эч нерсе жок.

Кимден канча акча түшкөндүгү жөнүндө ачык жарыялап койсок деле болмок. Бирок алардын көпчүлүгүнүн "ачыкка чыгарбасаңар" деген суранычы бар. Ошол үчүн аты-жөндөрүн чыгара албайбыз.

Эгер саясатчыбы, журналисттерден же депутаттардан болобу кимде ким кызыкса, кайрылсын. Бардык тизмени жана суммаларды көрсөтүп беребиз. Биздин жашыра турган эч нерсебиз жок. Ачык иштейбиз. Өткөндө айрым кыйкырчаак депутаттар "алтын уурдадыңар" дегенде өздөрүнөн турган комиссия түздүрүп, эми өзүңөр текшергиле, барын ачып берели десек кайра өздөрү качып кетишти. Ошондой эле "кустуризация" маселесине дагы кимде-ким кызыкдар болсо мага расмий түрдө кат менен кайрылышсын. Укук коргоо органдарына айтып, "кусундулардын" барын көрсөттүрүп берем. Изин кубалап барышса республикалык бюджетке түшкөнүн көрүшөт", - деди Жапаров.

Ошондой эле коррупциялык иштерге аралашкандар тергөө иштери жүрүп жатканда сумманын бир бөлүгүн казынага кайтарып, алардын баш коргоо чарасы "үй камагы" болуп өзгөрүп жатканы боюнча мындай дейт.

"Кимде-ким казынадан уурдап кармалган болсо, аларды эки-үч эселеп кайтартып, анан үй камагына чыгарып коюп жаткан учурлар бар. Аларды мен деле байкап турам. Бирок кийлигишкен жокмун. Бирок үй камагына чыкса эле акталып кетет дегендик эмес да. Сөзсүз сот иштери уланат. Соттун чечими менен аяктайт. Шартуу түрдө кесилеби же айып пул төлөп чыгабы, аны сот чечет", - дейт президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11590