Президент: "Аю" компаниясынын спирт заводу конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат
RU

Президент: "Аю" компаниясынын спирт заводу конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Аю" компаниясы мамлекетке өтөт. Бул туурасында Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

Анда "Аю" компаниясы "кустуруу" кампаниясынын курмандыгы болду деген кептер, башкача айтканда, аталган компанияны ар кандай шылтоо менен ири суммада акча "кустурушкан" жана анын кесепетинде "Аю" мурдагыдай күпүлдөп иштебей калышына бийликти айыптап жаткандар тууралуу сөз болду.

"Аю" компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. "Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек" деп суранып келдик. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат", - деди президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11591