1-майдан баштап калк үчүн электр энергиясына болгон тариф 1 сом болот
RU

1-майдан баштап калк үчүн электр энергиясына болгон тариф 1 сом болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ушул жылдын 1-майынан тарта калк үчүн электр энергиясына болгон баа 23 тыйынга кымбаттап, 1 сомду түзөт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Чечимге ылайык:

  • электр энергиясын керектөө 700 кВт сааттан ашкан учурда тариф мурдагы деңгээлде – кВт/саат үчүн 2,16 сом бойдон калат.
  • аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн тариф дагы мурдагы деңгээлде сакталып, 1 кВт/саат үчүн 50 тыйынды түзөт.
  • калк үчүн электр энергиясын чектөөсүз (лимитсиз) колдонуудагы тариф кВт/саат үчүн 5,04 сомдун ордуна 3,28 сомго чейин төмөндөтүлдү.

"Тарифтик саясатка киргизилген өзгөртүүлөр зарыл чара болуп саналат. Бул совет доорунан калган эскирген электр жабдууларын жаңылоого мүмкүнчүлүк берет. Иштеп жаткан ЖЭБди жана ГЭСтерди реконструкциялоого жана модернизациялоого карабастан, энергетикалык жабдуулардын эскириши учурда 80%дан ашыкты түзөт.

Тарифтерди жогорулатуунун натыйжасында алынган каражаттар эскирген жабдууларды жаңылоого жумшалат.

Бул өз кезегинде энергетикалык объектилердеги мүмкүн болуучу авариялардын жана системадагы өчүрүүлөрдү алдын алат", - деп белгилейт министрлер кабинети.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Жаңы тарифтер (7 статей)
Президент электр энергиясына болгон тарифти жогорулатуунун себебин түшүндүрдү
27 Апрель 2023, 11:50
Коомдук транспортко болгон жол киренин баасы этап-этабы менен көтөрүлөт. Бирок азыр эмес
1 Март 2023, 15:43
Бишкекте таштандынын тарифи жогорулады
31 Январь 2023, 14:56
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11592