"Кыргызстан" банкын улутташтыруу аракети болуп жатабы? Банктын жообу
RU

"Кыргызстан" банкын улутташтыруу аракети болуп жатабы? Банктын жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык түйүндөрдө MBANKты ("Кыргызстан" коммерциялык банкы) улутташтыруу аракети болуп жатканы жана тиешелүү процесс башталганы тууралуу маалымат пайда болду.

Банктын расмий аккаунтунан бул маалымат четке кагылган. Анда Банк башкармалыгынын төрагасы Бектур Алиевдин атынан жасалган билдирүүдө маалымат чындыкка дал келбей турганы жана жалган маалыматтарга негизделгени айтылат.

"Биздин операциялар Улуттук банктын мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына толугу менен шайкеш келет. Биз кардарларыбызга кызмат көрсөтүүнү улантып жатабыз. MBANK өзүнүн ишмердүүлүгүндө айкындуулук жана ачыктык принциптерин карманган туруктуу жана ишенимдүү каржы институту бойдон калууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11636