Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы коррупциялык схеманы уюштурганга шектелди
RU

Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы коррупциялык схеманы уюштурганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан 11-апрелде Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды. Ал камакка алынганын коопсуздук комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тергөөнүн жүрүшүндө Сузак айыл өкмөттүн мурдагы башчысы С.А.Н. кол алдындагы кызматкерлери жана Сузак райондук "Кадастр" жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери менен кылмыштуу иш алып барышып, жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча коррупциялык схеманын уюштуруучусу болгону аныкталды.

Сузак, Каркыра-Мисте жана Благовещенка айылдарынан калкка кезексиз жана акысыз берилүүчү жер тилкелери С.А.Н`нын буйругу менен жасалма документтердин негизинде ар бир участок 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин сатылып кеткен. Андан соң "Кадастр" ишканасы тарабынан жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актылар, райондук архитектура органдары тарабынан курулушка уруксат берилген.

Жүргүзүлгөн баалоо экспертизасынын жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилкелеринин баасы 93 млн 857 миң 700 сом экени аныкталды. Учурда прокуратура органдары менен биргеликте аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына кайтаруу чаралары көрүлүүдө.

Буга чейин Сузак айыл өкмөтүнүн, Сузак райондук "Кадастр" жана архитектура башкармалыгынын 9 кызматкери жогоруда аталган кылмышкаа катышкандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11649