Нарында Кумтөрдүн каражатына ипотекалык батир салынат
RU

Нарында Кумтөрдүн каражатына ипотекалык батир салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде ипотекага салынып жаткан үйлөр боюнча комментарий берди.

Ал учурда Бишкекте 6 минден ашык батир салынып жатканын билдирип, Нарында Кумтөрдөн түшкөн акчага "Мамлекеттик ипотекалык компания" аркылуу батирлерди куруу планы тууралуу айтып берди.

"Таласта да долбоор өз нугунда кетип жатат. Аларга да "Жерүй" берген акчасына салып, ипотекалык компания аркылуу берели деп жатабыз. Жалал-Абадда 200дөн ашык батир салынып жатат. Кудай буюрса, "Мамлекттик ипотекалык компания" аркылуу жакында тапшырабыз. Башка райондордун жана шаарлардын борборлорунан жерлерди бөлдүртүп жатабыз. Көп кабаттуу үйлөрдү салып, 20 жылдык мөөнөт менен ипотекалык компания аркылуу беребиз.

Акыркы убактарда өзүңөр жакшы билесиңер, элдин саны өсүп, жерлер тарып баратат. Ошондуктан мындан ары көп кабаттуу үйлөрдү курууга басым жасайлы, мамлекет өзүбүз салып берели деп жатабыз", - деди Садыр Жапаров.

Мамлекеттик ипотекалык компания турак жайларды бир чарчы метрин 750 доллардан алып берип жатыптыр. Өзүбүз салсак 550 доллардан айланат

Мамлекет башчы турак жай маселеси аябай чоң көйгөй болуп кеткенине токтолду.

"Эмне үчүн мамлекет өзүбүз салалы деп жатабыз? Эки жыл "Мамлекеттик ипотекалык компанияга" бюджеттен элге турак жай алып берүү үчүн акча бөлдүк. МИК болсо турак жайларды бир чарчы метрин 750 доллардан алып берип жатыптыр. Өзүбүз салсак бир чарчы метри 550 доллардан айланат экен. Бул деген – элге да, МИКке да пайда деген сөз. Ошондуктан мамлекет өзүбүз колго алдык. Антпесек турак жай маселеси аябай чоң көйгөй болуп кетти. Эл үй салганга жер бөлүп бергиле деп туш-туштан кайрылып жатышат. Биз бир аз убакыт чыдап тургула. Силерге бөлүп берчү жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү салып берели деп жатабыз. Бир кишиге берген жерге көп кабаттуу үй салсак жүз үй-бүлөнү батырат экенбиз. Ошентип жерлерибизди үнөмдөшүбүз керек. Антпесек келечекте жерлер тарып, тамак-аш коопсуздугу жаралат. Келечекти коё туруп азыркыны эле айтсак, бүгүнкү күндө өзүбүздү өзүбүз буудай менен камсыз кыла албайбыз", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11659