Токмоктун мэри эмнеге кармалганы белгилүү болду. Сүрөт, видео
RU

Токмоктун мэри эмнеге кармалганы белгилүү болду. Сүрөт, видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин УКМК тарабынан Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин кармалганы маалым болгон. Бүгүн, 18-апрелде коопсуздук комитеттен Самаев "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы туруктуу коррупциялык схемага катыштыгы бар деп кармалганын билдиришти.

Маалым болгондой, Токмок шаарындагы жеке үйлөр борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуп, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү мэрге берилип турган.

17-апрелде 337-берененин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен иш козголуп, анын алкагында Токмок шаарынын мэри кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11675