Экс-министр Алмазбек Бейшеналиев акча талап кылган деген айыпты моюнга алган жок
RU

Экс-министр Алмазбек Бейшеналиев акча талап кылган деген айыпты моюнга алган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-апрелде Биринчи Май райондук сотунда мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин иши боюнча соттук отурум өттү.

Жабырлануучу АКШда болгондугуна байланыштуу отурумга катыша албастыгын жактоочусу билдирген.

"Мен коргоого алган адам соттук отурумдан качпайт. Ал АКШга кеткен. Бишкекте болгондо өзү келмек", - деп түшүндүрдү ал.

Мамлекеттик айыптоочу айыпталуучуга айыпты окуп берди. Бейшеналиев күнөөсүн моюнга алган жок.

Эске салсак, Бейшеналиев ири өлчөмдө пара алууга шектелип 2022-жылы 28-сентябрда кармалган. Ички иштер министрлиги ал чет өлкөлүк студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысына байланыштуу кармалганын билдирген.

Ал "пара" деп айтылып жаткан акча университет ачуу долбооруна салынган инвестиция экенин айткан.

Андан кийин тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толтурганы, өнөкөт ооруларга чалдыкканына байланыштуу октябрь айынын ортосунда анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11683