Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин иши сотко өттү
RU

Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин иши сотко өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевге козголгон кылмыш иши тергелип бүттү. Эми иш сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, мурдагы министрдин иши 18-апрелде саат 14:30да Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралат.

Эске салсак, Бейшеналиев ири өлчөмдө пара алууга шектелип 2022-жылы 28-сентябрда кармалган. Ички иштер министрлиги ал чет өлкөлүк студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысына байланыштуу кармалганын билдирген.

Бирок сотто бөгөт чарасы каралып жатканда Бейшеналиев күнөөсүн моюнуна албай турганын айткан.

Ал "пара" деп айтылып жаткан акча университет ачуу долбооруна салынган инвестиция экенин айткан.

Андан кийин тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толтурганы, өнөкөт ооруларга чалдыкканына байланыштуу октябрь айынын ортосунда анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11415