Forester компаниясынын директору үй камагына чыкты
RU

Forester компаниясынын директору үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Forester компаниясынын директору УКМКнын убактылуу тергөө камак жайынан чыкты. Маалыматты Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Алар белгилешкендей, 18-апрелде Биринчи Май райондук сотунун судьясы УКМКнын тергөөчүлөрүнүн өтүнүчү менен Александр Череповду үй камагына чыгарды.

Эске салсак, 17-апрелде УКМКнын кызматкерлери Forester ишканасына тинтүү жүргүзүп, документтерин алышкан. Ал эми компаниянын директору кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекетке келтирилген зыян 200 миллион сомго бааланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11709