Окуучулар кабылган кырсык. 10дон ашык адам жаракат алып, эки бала реанимацияга түштү
RU

Окуучулар кабылган кырсык. 10дон ашык адам жаракат алып, эки бала реанимацияга түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо окуучуларды ташыган автобус кырсыкка кабылган. Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кырсык бүгүн, 20-апрелде катталганын билдирди.

"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо бир тилкедеги унаалар сүзүшкөн. Тагыраагы, окуучуларды ташыган автобусту GoBus`тун кичи автобусу артынан сүзгөн. Анын кесепетинен жабыркагандар бар", - дешет башкармалыктан.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинен кырсыктан 10дон ашык адам жаракат алганын маалымдады.

Белгиленгендей, жабырлануучулар №1 балдар клиникалык ооруканасына жеткириле баштаган. Андан кийин "Тез жардам" кызматынын бригадалары бейтаптарды балдар ооруканасына алып барышкан. Алдын ала 16 адам жабыркаган. Тизмеси такталууда. Дарыгерлер зарыл болгон бардык чараларды көрүүдө.

Ошондой эле 2 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатканы, абалдары оор экени айтылууда. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет дешти мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11734