Президенттин маалымат катчысы: Акыйкатчы өлкөдө туруксуздукту каалагандарды коргоп жатат
RU

Президенттин маалымат катчысы: Акыйкатчы өлкөдө туруксуздукту каалагандарды коргоп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев акыйкатчы өлкөдө туруксуздукту каалагандарды коргоп жатат деп билдирди.

Ал "Кабар" улуттук маалымат агенттигине өлкөдөгү адам укугунун, сөз эркиндигинин абалы тууралуу комментарий берип жатып, акыйткачы Атыр Абдрахматованын адам укуктарынын абалы тууралуу билдирүүлөрүнө байланыштуу суроого жооп берди.

"Сөз эркиндиги боюнча эч кандай тыюу жок. Ар ким каалаганын сүйлөп жатпайбы. Митинг өтө турган жер - Горький багы бар. Ким, кайсыл убакта кааласа, ошол жерге митинг уюштурат, каалаган сөзүн эркин сүйлөйт. Аларды журналисттер, блогерлер чагылдырып, таратып жатышат. Социалдык тармактардан түз эфир кылып, ар ким каалаганын сүйлөп жатат. Сөз эркиндигине эч кандай кысым жок бизде.

Акыйкатчыга эле ошондой сезилип жатса керек. Себеби акыйкатчы "өлкөнү дестабилизация кылабыз" деп камалгандарды эле коргоп, карапайым элди коргогонун байкаган деле жокпуз. Өлкөгө бүлүк салам дегендер же адамды ак жеринен каралагандар жооп бериш керек да. Бирөөнү жөнү жок эле каралап коюп, анан ал сотко берсе же үстүнөн арыз жазса эле "мага кысым болуп жатат" деген туура эмес. Биринчи бирөөнү каралаардан мурда так маалыматтарды чогултуп алышың керек. Сотко берсе да сенин колуңда айныгыс далилдер турушу керек. Сенин айткандарың далилдүү болуп турса, анан ага карабай сени жоопко тартып жатса, анда "сөз эркидигин кысымга алып атат" деп айтсаң болот", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11735