Окуучулар кабылган кырсык: Балдар кайда бара жатканы белгилүү болду
RU

Окуучулар кабылган кырсык: Балдар кайда бара жатканы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" аэропортуна бара жаткан трассада оодарылып кеткен мектеп автобусунда Лесной айылынан Манас айылындагы Ат-Башы мектеп-лицейине сабакка бара жаткан балдар болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, 18 бала жана эки чоң адам жабыркаган. Төрт бала реанимацияда.

Окуяга күбө болгондор Kaktus.media сайтына билдиришкендей, кичи автобус аэропорт тараптан келе жатып, артка бурулуп бараткан мектеп автобусун сүзгөн. Алардын айтымында, автобуста 24 адам болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11742