ИИМ бомба тууралуу билдирүү тараткандар 5 жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертет
RU

ИИМ бомба тууралуу билдирүү тараткандар 5 жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлиги жардыруу жөнүндө жалган кабар тараткандар 5 жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертет.

Белгиленгендей, бомба жөнүндө билдирүү таратуу - коомдук коопсуздукка кол салып, уюмдардын жана ишканалардын нормалдуу ишин бузуп, укук коргоо органдарынын олуттуу күчтөрүн жана каражаттарын башка жакка буруп, конкреттүү жарандардын кызыкчылыгына зыян келтирет.

Бомба (террордук акт) тууралуу жалган маалымат таратарыңыз менен кылмыш аяктаган деп эсептелет. Маалымат оозеки, жазуу, телефон чалуу, интернет мейкиндиги аркылуу билдирүү түрүндө таратылышы мүмкүн. Көп учурда маалымат жашыруун берилет. Бирок кылмыш-жаза жоопкерчилиги үчүн кылмышкер өзү жөнүндө маалымат берген, бербегени маанилүү эмес.

Сиздин аракеттериңиздин мотивдери ар кандай болушу мүмкүн: бейбаштык, укук коргоо органдарынын ишинин сапатын текшерүү же ишканалар менен мекемелердин демейдеги иш тартибин бузуу.

Жыйынтык - бул Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесинде (Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо) каралган "Билип туруп даярдалып жаткан жардыруу, өрттөө же адамдардын курман болуу же оор залал келтирүү коркунучун жаратуучу башка аракеттер жөнүндө жалган кабарлоо 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу" менен жазаланат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык. www.nur.kz.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11749