Бишкекте жер астындагы таштанды челектерин орнотуу иштери улантылууда
RU

Бишкекте жер астындагы таштанды челектерин орнотуу иштери улантылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Токтогул жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишине жер астында жайгашкан таштанды челектери ишке берилди. Бул туурасында борбор калаа башкармалыгынан билдиришти.

Бишкек шаардык мэриясынын тапшырмасы менен "Тазалык" муниципалдык ишканасы ишке ашырды. Жер алдына орнотулган челектин өзгөчөлүгү таштандыны жер алдына сактагандыктан жыт чыгарбайт, чачылбайт жана айлана чөйрөнүн көркүн бузбайт.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев мындай таштанды челектери борборубузда көбөйтүлөрүн кошумчалады.

Буга чейин Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишине коюлган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11756