Билим берүү министрлиги жол кырсыгына кабылган окуучулар тууралуу маалымат берди
RU

Билим берүү министрлиги жол кырсыгына кабылган окуучулар тууралуу маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" аэропортунун трассасында окуучулар кабылган жол кырсыгы боюнча Билим берүү жана илим министрлиги маалымат таратты.

"Жол кырсыгына кабылган автобустун ичинде Чүй облусунун Сокулук районундагы "Ат-Башы мектеп-лицейи" мекемесинин башталгыч класстарынын 18 окуучусу болгон. Бул туурасында аталган мектептин директору Рахат Мырзабекова билдирди. Учурда жол кырсыгынан жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилесек, 20-апрелде "Манас" аэропортунун трассасында окуучу ташыган автобусту GoBus`тун кичи автобусу артынан сүзгөн. Анын кесепетинен 18 бала жана эки чоң адам жабыркаган. Төрт окуучу реанимацияга түшкөнү кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11748