Жол кырсыгына кабылган балдардын ата-энелери мектеп маселесин чечип берүүнү талап кылышты
RU

Жол кырсыгына кабылган балдардын ата-энелери мектеп маселесин чечип берүүнү талап кылышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Лесное айылында мектеп көйгөйү чечилмейинче жол кырсыгы болбойт деп ким кепилдик бербейт. Бул тууралуу жол кырсыгына кабылган балдардын ата-энелер kaktus.kg редакциясына билдиришти.

Алар бийликтен мектеп маселесин чечип берүүнү өтүнүп жатышат.

Лесное айылында башынан эле мектеп жок

Кырсыктан жабыркап, ооруканада жаткан балдардын апаларынын бири Чынара Лесное айылы түптөлгөндөн бери аталган айылда жашайт. Ал ошол убактан бери мектеп салынбай келгенин айтты.

"Бизде негизги маселе - мектеп маселеси. Мындан улам, өзгөчө кичинекей балдардын мектепке барып келүүсү кыйын. Жок дегенде 1-5-класстар үчүн чакан мектеп болсо мындай кырсык болбойт беле? Негизи эле аэропорттун жолу өтө коопту. Абдан чоң ылдамдык менен жарыштарды уюштурушат, рейске шашкандар кичинекей баланы эле эмес, чоң кишини деле сүзүп кете жаздашат", - деди ал.

Буга чейин да кырсык болуп келген

Лесное айылынын жергиликтүү жашоочусу бул сындуу кырсыктар көп эле болоорун кошумчалада.

"Жолдон деле мындай жөнөкөй адамдар басканда, аэропорттун жолунда көп айдоочу катуу ылдамдык менен жүргөндүктөн кырсыкка учураган жагдайлар көп катталат. Буга чейин да болгон айылда. Ошол маселеге мамлекет тарабынан көңүл бурулса жакшы болмок", - деп эсептейт тургун.

Жолдо тиешелүү жол чырак, жөө өтмөк жок

Лесное айылынын тургуну айыл жактагы аэропортун жолунда жөө өтмөк, жол чырак көйгөйү бар деп айтып, ошондон улам кырсыктар көп экенин билдирди.

"Лесное айылында бир мектеп жок, бала бакча быйыл эле ачылды. Айылдын түптөлгөнү качан? Ошол себептүү балдарыбыз алыска барып окуп келгенге аргасыз да. Эми, кайрадан эле автобус менен барып, окушат. Кайра кырсык болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт да, туурабы? Биздин балдарды таашыган айдоочунун тажрыйбасы көп, ал туура эле айдаган. Бирок, башкалар жол эрежесин сактайт деп да кепилдикти эч ким бербейт да. Биз эми канчага чейин балдарды алыскы айылга ташып жүрө беребиз? Эми катип балдары алыскы айылга окууга жиберебиз?", - деп нааразычылыгын айтты.

Эске салсак, 20-апрелде, Бишкек - "Манас" аэропорту жолунда окуучулар бара жаткан автобус кырсыктаган. Аны артында келе жаткан Go BUS маршруткасы сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 24 бала жабыркап, ооруканага жаткырылган. Учурда балдардын 16сы үйүнө чыгарылып, 8и ооруканада. Бир баланын абалы өтө оор.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11787