26-апрелден тарта Меккеге барчулар менингитке жана сасык тумоого каршы эмделет
RU

26-апрелден тарта Меккеге барчулар менингитке жана сасык тумоого каршы эмделет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ажылык сапарга барчулар эртең, 26-апрелден тартып жугуштуу оорулардын эки түрүнө каршы эмдөөдөн өтө башташы керек. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы эскертет.

Белгилүү болгондой, менингитке каршы төрт компоненттүү "ACYW 135" жана сасык тумоого каршы "Гриппол" вакциналарын 26-апрелден 8-майга чейинки аралыкта алуу керек.

Буга чейин Муфтият ажылыкка бара тургандарга кайрылып, COVID-19 оорусуна каршы эмдөөдөн өткөнү тууралуу сертификат талап кылынарын, өтпөгөндөр ажылыктын тизмесинен чыгарыларын эскерткен.

Быйыл ажылык сапар июнь айында башталат. Кыргызстанга бул жолу 6110 орун берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11811