Садыр Жапаров расмий сапар менен Россияга барат
RU

Садыр Жапаров расмий сапар менен Россияга барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Владимир Путиндин чакыруусу менен ушул жылдын 8-майында расмий сапар менен Россияга барат. Бул тууралуу президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Алдыдагы сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалууда. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат. Андан тышкары Россия Федерациясынын башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылууда.

2023-жылдын 9-майында Москва шаарында мамлекет башчысы ардактуу конок катары Жеңиш парадына катышат", - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Буга чейин Жеңиш күнүндө Россияга сапары пландалган жалгыз чет элдик лидер Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров болушу мүмкүн экени кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11814