Россия Садыр Жапаровду Жеңиш күнүндө күтөт. Ал жалгыз конок болушу мүмкүн
RU

Россия Садыр Жапаровду Жеңиш күнүндө күтөт. Ал жалгыз конок болушу мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жеңиш күнүндө Россияга сапары пландалган жалгыз чет элдик лидер Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Ведомости" басылмасы жазып чыкты. Анда Кыргызстандын президентинин Жеңиш майрамына арналган салтанатка катышуусу күтүлүп жатканы жазылган.

Басылма Садыр Жапаровду Россияга 31-мартта Россиянын өкмөтүндөгү эл аралык мамилелерди көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр Алексей Оверчук чакырганын жазды.

"8-9-майда биз сиздин расмий сапарыңызды күтөбүз", - деген ал Кыргыз Республикасынын президенти менен жолугушууда. Кыргызстандын бул жеңишке жана Москваны коргоого кошкон салымы биз үчүн ыйык", - деп жазылганы белгиленген.

"Ведомости" маалымат булактарынын билдиришинче, ушул күндөрү боло турган сапардын жүрүшүндө салтанаттуу иш-чараларга катышуу эле эмес, жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү да пландалууда (Владимир Путин менен Садыр Жапаров акыркы жолу 2022-жылдын декабрь айында жолугушкан).

Өлкө башчынын басма сөз кызматы Kaktus.media сайтына сапар тууралуу расмий маалыматты күтүү керектигин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11801