Жол кырсыгына кабылган окуучулар: Go Bus маршруттук таксинин айдоочусу да комада жатат
RU

Жол кырсыгына кабылган окуучулар: Go Bus маршруттук таксинин айдоочусу да комада жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек - "Манас" аэропорту жолунда мектеп автобусу менен кагышкан Go Bus кичи автобусунун айдоочусунун абалы оор. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, айдоочу комада, жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Эске салсак, 20-апрелде "Манас" аэропорту көздөй бара жаткан трассада кырсык катталып, мектеп автобусу GoBus кичи автобусу менен сүзүшкөн. Автобустагы окуучулар Лесной айылынан Манас айылындагы Ат-Башы лицейине сабакка бара жатышкан. 27-апрелге карата кырсыктан жабыркаган 8 бала шаардык №3 балдар ооруканасында даарыланып жатат. Бир бала дагы эле оор абалда реанимацияда жатат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстарциялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11869