Автобус менен кырсыкка кабылган окуучулар. Ооруканада жаткан 8 баланын бири комада
RU

Автобус менен кырсыкка кабылган окуучулар. Ооруканада жаткан 8 баланын бири комада

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек - "Манас" аэропортунун трассасында автокырсыкка кабылган окучулардын сегизи ооруканада дарылануусун улантууда. Алардын биринин абалы оор дейт шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасын башкы дарыгери Акылбек Маманов.

Дарыгер Kaktus.media сайтына билдиргендей, бир бейтаптын абалы оор, комада жатат. "Абалында жакшы жакка жылыш болгону менен эсине келе элек", - дейт.

"Ал эми дагы бир окуучу травматология, 6 бала нейрохирургия бөлүмүндө жатат. Абалдары туруктуу. Аптанын аягында кимиси ооруканадан чыгары билинет. Баары план менен", - деп кошумчалады Маманов.

Эске салсак, 20-апрелде окуучуларды ташыган автобус кырсыкка кабылып, 18 бала ооруканага жаткырылган. Анын ичинен 4 баланын абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланган. Кийинчерээк шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов Kaktus.kg сайтына жалпы 27 бала кайрылганын билдирген.

Чүй ОИИББден жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталганын кабарлаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11863