Family Village компаниясынын директору үй камагына чыкты
RU

Family Village компаниясынын директору үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Family Village курулуш компаниясынын директору Сухраб Жармухамедов СИЗОдон чыкты. Маалыматты Kaktus.media сайтына Биринчи Май райондук сотунан ырасташты.

Белгилүү болгондой, Биринчи Май райондук сотунун 19-апрелдеги чечими менен Жармухамедовго карата мурда тандалган баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. Ал эми мурда тандалып алынган камак түрүндөгү баш коргоо чарасы 2023-жылдын 20-майына чейин үй камагына өзгөртүлгөн.

Белгилей кетсек, 2022-жылы декабрда ИИМдин тергөө кызматы Сухраб Жармухамедовду алдамчылыкка жана 150 миң долларды өзүнө ыйгарып алган деген шек менен кармаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11871