Family Village курулуш компаниясынын директору кармалды
RU

Family Village курулуш компаниясынын директору кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Family Village курулуш компаниясынын директору Сухраб Жармухамедов кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Айтымдарында, ал алдамчылыкка шектелип 2022-жылдын декабрь айынын аягында ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Жармухамедов 150 миң долларды өзүнө ыйгарып алганга шектелүүдө. Ал тергөө амалдарынын жүрүшүнө байланыштуу СИЗО-1ге киргизилген.

Жармухамедов Абжалиевдердин үй-бүлөсү менен өнөктөш болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, Жармухамедовдун өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алиярбек Абжалиев былтыр февраль айында кармалган. Кийинчерээк Абжалиев 1 миллион 200 миң доллар чыгым төлөп, бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9835