Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу сунушу комитетте колдоо тапты
RU

Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу сунушу комитетте колдоо тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу сунушун колдоду.

Эми комитеттин чечими парламентте каралат.

Белгилесек, буга чейин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы Атыр Абдрахматованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну сунуштаган.

Акыйкатчынын Жогорку Кеңештеги баяндамасына 14 депутат "макул", 41 депутат "каршы" добуш берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11875