УКМК депутат Надира Нарматованын уулун кармады
RU

УКМК депутат Надира Нарматованын уулун кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Айтымдарында, башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси кармалган кылмыш ишинин алкагында Бажы кызматында иштеген Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу да кармалган.

Шектүү катары кармалган Кара-Суу районунун бажы кызматкери Бишкекке жеткирилип, Биринчи Май райондук сотунда ага карата СИЗОго камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалганы маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11949