Матраимовдун колун өөп, талкууга түшкөн Саркарбаев үн катты
RU

Матраимовдун колун өөп, талкууга түшкөн Саркарбаев үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Райымбек Матраимовдун колун өөп, талкууга алынган Ош шаардык спорт комитетинин экс-жетекчиси Кылычбек Саркарбаев Твиттердеги баракчасына жооп калтырды.

Айтымында, Матраимов анын өкүл атасы.

"Кичинекей кезимден мени чоңойткон, кыйын учурда жардам берген инсан. Мен бул инсанды абдан сыйлайм, менден башка дагы көптөгөн адамдарга жардам берет. Өкүл атамдын колун өөп койгондон эч кандай башкача нерсе көргөн жокмун. Чымындан пил жасабагыла. Эгер мен кимдир-бирөөгө урмат көрсөтсөм, ар кимдин өз укугу", - деп жазды Саркарбаев.

Эске салсак, социалдык тармактарда Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин экс-орун басары Райымбек Матраимовдун, Курсан Асановдун, Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов менен Ош шаардык спорт комитетинин экс-жетекчиси Кылычбек Саркарбаевдин мааракедеги видеосу тараган. Анда Саркарбаев Матраимовдун колун өөп, талкууга түшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11958