Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту
RU

Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Атыр Абдрахматованы акыйкатчы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын чечимин карашты.

Фракция лидери Бактыбек Сыдыков билдиргендей, фракция ЖКнын регламентинин 123-берененин 4-пунктунун 9-бөлүгүн эске алуу менен Абдрахматованы ЖКнын регламентинин 122-беренесинин 2-пунктунун негизинде мөөнөтүнөн мурда кызматтан алууну сунуштап жатканын билдирди.

Төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети акыйкатчынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алганын белгиледи. Ал комитеттин чечимине добуш берүүнү сунуштады.

Ал арада депутат Адахан Мадумаров кесиптештери кайда шашып жатканын сурады. Анын айтымында, алгач Атыр Абдрахматованын өзүн угуш керек.

Нурланбек Шакиев акыйкатчы парламенттин жыйынына расмий чакырылганын, бирок келбей калганын айтты.

Бирок спикер Абдрахматованын ыйгарым укугун токтотууга добуш берүү маселесин көтөрүп: 50 депутат "макул", бешөө "каршы" добуш берди.

Белгилей кетсек, Акыйкатчы институтунан Абдрахматова ЖКнын жыйынына чакырылбаганын Kaktus.media сайтына билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12001