Нарында калың жааган кардан мал-жандык өлдү
RU

Нарында калың жааган кардан мал-жандык өлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарындын Ат-Башы районундагы Арпа өрөөнүндө кар калың жаап, жайлоодо 5 үй-бүлө мал-жандыгы менен менен калып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен сууктан улам уй, койлор өлгөнүн маалымдайт.

Бүгүнкү күндө малчылардын тамак-ашы жетиштүү. Бирок малдын тоюту жок болгондугуна байланыштуу малчылар жардам сурап кайрылышкан. Жайлоого барчу жол ачылып, жергиликтүү бийлик тургундар менен биргеликте жерине 680 түк чөп жеткиришкен.

Сууктан улам 2 уй, 3 музоо, 15 кой тоңуп өлгөн.

Белгилей кетсек, Нарынга 2-майда күтүүсүз "кыш" келип, калың жааган кардан улам малчыларга каттаган жол жабылып калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12033