Ат-Башы районуна кар калың жаап, өзгөчө кырдаал режими киргизилди
RU

Ат-Башы районуна кар калың жаап, өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунун Ат-Башы районуна калың жааган кардан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришет.

Белгилесек, Ат-Башынын Арпа өрөөнүндө 2-майдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, кар калың жаап, жайлоодо 5 үй-бүлө мал жандыктары менен калган. Малчылардын 867 уйу, 1400 кою бар. Сууктан улам 2 уй, 3 музоо, 15 кой тоңуп өлгөн.

Арпа өрөөнүндөгү Ак-Бейит, Беш-Сары, Ичке, Кемесия тилкелеринде калган малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү жана кырдаалды жөнгө салуу максатында Ат-Башы райондук администрациясынын башчысынын буйругунун негизинде 3-майдан тарта райондун аймагына өзгөчө кырдаал режими убактылуу киргизилди.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12035