Кадыр Маликов: Исламга ылайык ала качуу чоң күнөө жана кылмыш
RU

Кадыр Маликов: Исламга ылайык ала качуу чоң күнөө жана кылмыш

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Теолог, дин аалымы, профессор Кадыр Маликов ыйман келтирген мусулмандар кыз ала качууга каршы экендигин, анткени Ислам дини буга катуу тыюу саларын баса белгиледи.

Ал учурда коомчулукта резонанс жаратып жаткан Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу пикирин билдирип, маркум кыздын ата-энесине көңүл айтты.

"Ислам адамдын эркиндигине жана намысына шек келтирген каада-салттарга катуу тыюу салат. Бул өзгөчө ала качууга тиешелүү. Мындай караңгылыктан арылуу үчүн дагы канча трагедия болушу керек? Биз бардыгыбыз мындай окуяга каршы туруп, коомдо, өзгөчө жаштар арасында түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүшүбүз керек. Бул маселени жазаны күчөтүү аркылуу гана чече албайбыз. Биз элибиздин аң-сезимин өзгөртүп, ала-качуу кылмыш экенин түшүндүрүшүбүз зарыл. Айзаданын ата-энесине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Арты кайрылуу болсун! Баарыбыз Аллахка таандыкбыз жана Ага гана кайтабыз", - деди Кадыр Маликов.

Ошондой эле, ал муфтият ала качуу аркылуу алынып келген кызга нике кыюуга тыюу салынганын, бул иш-аракеттин Исламдын духуна туура келбестигин өзгөчө баса белгиледи.

Эске салсак, Бишкектеги көчөлөрдүн биринде 27 жаштагы Айзада Канатбекова уурдалып, андан соң анын жансыз денеси табылган. Аны уурдаган киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан соң өзүнө бычак сайып каза болгон.

  • 5-апрелде 07:30, 26-жашар Айзада Канатбекованы Бишкектен, Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен уурдашкан. Ала качуу учуру видеого тартылып калган. Болжол менен ала качууга үч адам катышкан.
  • 5-апрелде, саат 12:00ден кийин Айзаданын апасы милицияга кайрылган.
  • 6-апрелде Айзаданын туугандары ММКларга кайрылып жардам сурашкан.
  • 7-апрелде малчы изделип жаткан Айзаданы жана Замрдин сөөктөрүн талаада, ылайга тыгылып калган унаанын ичинен тапкан.
  • 8-апрелде Бишкек жана Ош шаарларында Айзданын өлүмүнө байланыштуу митинг өтүп жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1204