Айзаданы ала качкан Замир өлүм алдында апасына "голосовой сообщение" жөнөткөн (аудио)
RU

Айзаданы ала качкан Замир өлүм алдында апасына "голосовой сообщение" жөнөткөн (аудио)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айзада Канатбекованы ала качып, анын өлүмүнө шектелип жаткан Замирдин акыркы үн жаздырган билдирүүсү Kaktus.media редакциясына келип түштү. Ал билдирүүнү агасынын телефонуна жөнөткөн.

"Ака жакшысызбы. Үйдөгүлөр жакшыбы. Келин кыз экөөбүз отурабыз. Менин өткөн кунөөлөрүм болсо кечириңиз. Она меня предала. Нашу любовь. Я сколько говорил вам, что влюбился в нее. Ни к одной девушке нет желания. Говорил, что буду жениться только на ней. Сколько я ее просил... Сиз келип кеткениңизде да айтым эле. Биздики сложный отношения болчу акыркы күндөрү. Я изменился. Из-за нее я изменился. Так что, ака менден кеткен күнөөлөр болсо кечирип коюңуз", - дейт Замир.

Андан кийин Замир апасы менен байланыша албаганын айтып, ушу үн билдирүүнү апасына угузуп коюуусун суранат.

"Бардыгына салам айтып коюңуз. Менин апамын номери иштебей атат. Кече айттым эле. По моему, капа болуп калган окшойт, же кыжалат болуппу. Телефону иштебей атат. Сизден голосовой айтып коеюнчу, айтып коюңузчу үйгө кирип.

Апа, тынч болуңуздар. Менден кеткен күнөө болсо кечирип коюңуздар. Мен сизди каякта болбойун, аркы дүйнөдө боломунбу, каякта болбойун, мен сиздерге кудайдан тиленем, өмүрүңөр узун болуп көп жашаңыздар. Кечирип коюңуз ушундай бала төрөп койгонуңузга. Мен сүйүп калдым, апа. Мен Айзадасыз жашай албаймын. Айзаданы ушунча күттүм. Айзаданы мен сүйдүм. Мен башкадан жашайлы, башкадан баштайлы, десем да болбоду. Бир айтты, күт деди. Макул, деп күттүм. Экинчисинде, дагы алдады, дагы күт деди. Үчүнчүсүндө, эч кандай ишеничим жок, мына жанымда отурат. Дагы да суранып атат, жалганды айтып. Мен азыр айтып коеюун силерге, болду. Акыркы жолу угуп жатасыңар. Рахмат бардыгыңыздарга. Мен сиздерди кечирдим, кудай алдында. Сиздер да мени кечирип коюңуздар кудай алдында, менден кеткен күнөөлөр болсо. Бирок, бардыгыңарды жакшы көрөм. Бардыгыңар менин жүрөгүмдөсүңөр", - деп Замир ыйламсырап сүйлөгөн.

  • 5-апрелде 07:30, 26-жашар Айзада Канатбекованы Бишкектен, Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен уурдашкан. Ала качуу учуру видеого тартылып калган. Болжол менен ала качууга үч адам катышкан.
  • 5-апрелде, саат 12:00ден кийин Айзаданын апасы милицияга кайрылган.
  • 6-апрелде Айзаданын туугандары ММКларга кайрылып жардам сурашкан.
  • 7-апрелде малчы изделип жаткан Айзаданы жана Замрдин сөөктөрүн талаада, ылайга тыгылып калган унаанын ичинен тапкан.
  • 8-апрелде Бишкек жана Ош шаарларында Айзданын өлүмүнө байланыштуу митинг өтүп жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1206