Акыркы үч айда өлкөгө сырттан 18 миңден ашуун унаа алып келинди
RU

Акыркы үч айда өлкөгө сырттан 18 миңден ашуун унаа алып келинди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин 4-майдагы жыйынында Кыргызстандын аймагына чет өлкөлөрдөн ташылган, бажылык тариздөөдөн, мамлекеттик каттодон өткөндөн кийин укук коргоо органдары тарабынан камакка алынып жаткан унаалар боюнча бажы кызматынын жана укук коргоо органдарынын маалыматы угулду.

Бул боюнча маалымат берген бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков 2022-жылы Кыргызстанга 26706 унаа, ал эми быйылкы жылдын 1-кварталында эле 18 миңден ашуун унаа өлкөгө киргизилгенин маалымдады.

Бул арада депутат Айбек Осмонов Беларусь өлкөсүнүн бажысында кармалып турган 500дөй унаа тууралуу маселени көтөрүп, аталган жагдайга көңүл буруп, тез арада чечүүнү талап кылды.

Ал эми депутат Шайлообек Атазов башка мамлекеттерден алып келинип, бизде гана мыйзамсыз деп табылган унаалар боюнча маселеге токтолуп, жагдайлы терең иликтөөгө чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12050