Ат-Башы районуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды
RU

Ат-Башы районуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунун Ат-Башы районуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими бүгүн, 5-майда алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынан аба-ырайы турукташып, жааган карлар ээрип, малчыларга жана мал-жандыктарга болгон коркунуч жоюлгандыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, 2-3-май күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, калың жааган кардын кесепетинен Ат-Башы районундагы жайлоо-кыштоолордо мал-жандыктар тоютсуз калышкан. Жерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жем, чөп жеткирилген.

3-майда Арпа өрөөнүндөгү Ак-Бейит, Беш-Сары, Ичке, Кемесия тилкелеринде калган малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү жана кырдаалды жөнгө салуу максатында Ат-Башы райондук администрациясынын башчысынын буйругунун негизинде 3-майдан тарта райондун аймагына өзгөчө кырдаал режими убактылуу киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12060